Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турусбекова: топтук насыяны ар ким өзү каалаган суммада ала алат

© Sputnik / Эркин СадыковКоммерциялык банктардын биринде жетекчинин орун басары Индира Турусбекова
Коммерциялык банктардын биринде жетекчинин орун басары Индира Турусбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коммерциялык банктардын биринде жетекчинин орун басары Индира Турусбекова топтук насыя улуттук валютада гана берилерин айтты.
Турусбекова: топтук насыяны ар ким өзү каалаган суммада ала алат

Топтук насыя алуу үчүн 3-10 адамдан турган топ банкка кайрылуусу зарыл. Алар КР жараны, жаш курагы 18ден өйдө болуусу жана насыяны ишкерликке жумшоосу зарыл. Бул тууралуу Индира Турусбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, топтун ар бир мүчөсү 3 миңден 350 миң сомго дейре, үч айдан 24 айга чейинки мөөнөткө насыя ала алат.

"Топтук насыя алуу чакан ишкерлик менен алектенген адамдарга ыңгайлуу. 3-10 адамдан турган топ, үч айдан 24 айга чейинки мөөнөткө ар бири үч миңден 350 миң сомго чейин банктан карыз ала алат. Топтук насыя улуттук валютада гана берилет. Аны алууда бардык мүчөлөрдүн милдеттери, пайыздык өлчөмдөрү бирдей болот. Бирок ар ким өзү каалаганча суммада акча алууга укуктуу. Мисалы, топтун бир мүчөсү 10 миң сом, ал эми экинчиси 250 миң сом ала алат. 250 миң сомго чейин күрөөсүз насыя берилет", — деди Турусбекова.

Адис кардар 250 миң сомго чейинки сумманы 1-2 күндүн ичинде алса болорун айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0