Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаныгулов: ыктыярчылар жардам бергенде абдан кубанабыз

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Тазалык" муниципалдык ишканасынын өкүлү Руслан Жаныгулов
Тазалык муниципалдык ишканасынын өкүлү Руслан Жаныгулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын өкүлү Руслан Жаныгулов аталган ишкананын кызматкерлери кыш мезгилинде биринчи кезекте тротуар жана унаалар үчүн ылдамдыкты азайтуучу тоскоолдуктарды тазалай тургандыгын билдирди.
Жаныгулов: ыктыярчылар жардам бергенде абдан кубанабыз

Биздин жумушчулар кадимки коомдук транспорт менен каттагандыктан алгачкы автобус, троллейбустар жүрүп баштаганда эле жумушка чыгышат. Бул убакыт таңкы саат 5:00-6:00дүн аралыгы болот. Мындай маалыматты Руслан Жаныгулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып айтты.

Анын билдиришинче, кар тазалоо, муз чагууда келип жардам берген ыктыярчылардын эмгеги жумушчуларга чоң дем-күч берет.

"Тазалыктын жумушчулары таң заардан кечки 16:00, 17:00гө чейин иштешет. Эгер кар жаап калса, түн бир маалга дейре ишин уланта беришет. Мындай күндөрү ал жумушчуларды эртеси таң атпай жумушка чыгарбай, кезек түзүп алабыз. Кум, туз жетиштүү алынды, колдо бар техниканы иштетип жатабыз. Көйгөйлөр бар. Ошол эле керектүү жабдыктардын жоктугунан тротуарларга тоңгон музду кол менен чагууга аргасызбыз. Айрым учурларда бизге жардамга ыктыярчылар келет. Мындайда биз абдан кубанабыз. Таза жашоону пропагандалаган жаштар чыгып жатканына ичиң жылыйт. Тилекке каршы, андай көрүнүштөр өтө сейрек болот. Мисалы, былтыр мектеп окуучуларынан турган жаштар тобу келип көмөктөшкөн", — деди Жаныгулов.

Ал жалпы кыргызстандыктарды мекенди сүйүүгө, тазалыкты жана патриоттуулукту туу тутууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0