Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Масалиев: мен "Өнүгүү — Прогресс" партиясына кирген эмесмин

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев 2020-жылы боло турчу парламенттик шайлоого өзү жетектеген Кыргызстан коммунисттер партиясы толук кандуу катышышы мүмкүн экендигин билдирди.
Масалиев: мен "Өнүгүү — Прогресс" партиясына кирген эмесмин

"Мен коммунисттер партиясынан чыккан эмесмин. Учурда мүчөсү катары эсептелип жүргөн "Өнүгүү — Прогресс" партиясына оозеки келишимдин негизинде кошулгам". Бул тууралуу Исхак Масалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурдагы оппозициялык фракциядан депутат болуп калышынын башкы себеби — анын дыйкандарга арналган программасы болгон.

"Мен "Өнүгүү — Прогресс" партиясына расмий кирген эмесмин. Кыргызстан коммунисттер партиясынын эле лидери болуп эсептелем. Бирок 2015-жылкы парламенттик шайлоодо өзүмдүн партиялаштарым менен сүйлөшүп, учурдагы оппозициялык фракцияга оозеки келишимдин негизинде кошулгам. Алардын фракциялык жыйналыштарына деле көп катышпайм. Аталган партиянын мени кызыктырышынын себеби —партиянын дыйкандарга, айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган алгылыктуу программасы болгон. Тилекке каршы, аз мандатка ээ болуп, анан да оппозицияда калып, дыйкандарга берген убадалардын көпчүлүгүн аткара албай келебиз", — деди Масалиев.

Эл өкүлү шайлоочулар өздөрү акыйкат шайлоого умтулбаса, эч качан таза шайлоо өтпөй тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0