Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исаков: Манасты бир доордон изилдеп кароо мүмкүн эмес

Жазылуу
Манасчы Рысбай Исаков "Манас" эпосунда окуянын жүрүшү ар түрдүү доордо сүрөттөлөрүн жана муну тактап бир доорго киргизүү керек деген окумуштуулардын пикирин анчейин колдой бербестигин билдирди.
Исаков: Манасты бир доордон изилдеп кароо мүмкүн эмес

Тарыхта кыргыздар Алтайдан жер которуп келишкен деп айтылат, ал эми Манаста алгач биз ал жерге барып, кайра ооп келгендигибиз сүрөттөлөт. Бул тууралуу Рысбай Исаков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Манастын жашап өткөн доорун аныктоо үчүн бир топ окумуштуулар иш алып барган. Өзгөчө соңку жылдары чет элдиктердин изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан учурлары көбөйдү.

"Манас Алтайдан азыркы жердеген жерибизге элин качан көчүрүп келгенин так айтуу кыйын. Өтө татаал маселе, менимче буга так жооп деле табылбайт. "Манаста" байыркы доордун жана жаңы доорлордун издери бар.

"Асман жерден ажырап,
Бөлүнө элек кездеги.
Ааламга күндүн жарыгы,
Төгүлө элек кездеги.
Ал муздактуу күндөрдөн,
Айтылып келген сөз жөнү", — деп айтылат. Мында жер каймактаган мезгилден баштап ар кандай сыйкырдуу кубулуштар сүрөттөлөт. Ошондуктан Манас бул же тигил доордо жашап өткөн деп так айтуу кыйын маселе. Биз муну ушул калыбында кабыл алышыбыз керек", — деди Исаков.

Ошондой эле ал "Манас" эпосунун эң таасирдүү бөлүмдөрү "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0