Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сабыров: кайсы төлөм картасы ыңгайлуу экенин көп сурашат

© Sputnik / Досхан НусупбековСпециалист по обслуживанию карт в банке Рыскелди Сабыров
Специалист по обслуживанию карт  в банке Рыскелди Сабыров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коммерциялык банктардын биринде карталарды тейлөө жана банктык кызматтар бөлүмүнүн адиси Ырыскелди Сабыров өлкө аймагындагы карта колдонуучулары Элкарт же Visa тейлөө системасынын кайсынысын тандоо керектигин көп сурашарын билдирди.
Сабыров: кайсы төлөм картасы ыңгайлуу экенин көп сурашат

Кардарлардын басымдуу бөлүгү карталык төлөмгө өтөөрдө кайсы система ыңгайлуу экенине кызыгат. Алар көбүнчө ЭлКарт же Visa системасынын бирин тандай албай кыйналат. Бул тууралуу Ырыскелди Сабыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып маалымдады.

Анын айтымында, Visa дүйнөнүн 200дөн ашуун өлкөсүнө жайылган болсо, Элкарт улуттук банктык карталык тейлөө системасы.

"Кардарлардын көбү кайсы карталык системада тейленүү ыңгайлуу экенин сурашат. Алар Элкарт менен Visa карталык төлөм системасынын бирин тандай албай убара тартышат. Элкарт — учурда өлкөнүн бардык аймагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан улуттук карталык төлөө системасы. Ал эми Visa 200дөн ашуун мамлекеттерди камтып, түрдүү валюта менен иш алып барат. Бул эл аралык системанын карталары артыкчылыктарына карай: классик, gold, платинум жана инфинити деп белгиленет. Карталар дебиттик жана насыялык болуп экиге бөлүнөт. Дебиттик карта сиздин жеке эсебиңизде турган акчаларды пайдалануу үчүн ачылса, насыялык карта менен сиз белгиленген чекке чейин банктан карыз алып, колдоно аласыз. Банктан карыз алууда сиздин буга чейинки насыя таржымалыңыз жана төлөө мүмкүнчүлүгүңүз каралат. Төлөм картасын тандоодо анын тарифтерине көңүл буруу маанилүү, кандай кызматтар кошулганын билип алганды да эстен чыгарбаңыз. Мисалы, интернет банкинг кабарлоо кызматын коштурсаңыз, арзандатуулар жана бонустардан дайыма кабардар болуп турасыз", — деди Сабыров.

Ал картанын артыкчылыктары канчалык жогору болсо, мүмкүнчүлүктөрү да ошончолук көп болорун жана тейлөө наркы да кымбаттарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0