14:35 19 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR79.3952
  • RUB1.0462
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Ринат Бакеев
© Sputnik / Асель Акматалиева

Бакеев: Республика боюнча болгону 3-4 эркек китепканачы бар

Радио
Кыскача шилтеме алуу
5901

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Ринат Бакеев китепканачылардын аз айлыгына карабай, өлкө боюнча 3-4 эркек киши көп жылдан бери ушул кесипти аркалап келе жатканын айтты.

Өкмөттүн маданият, искусство, кинематография жана маалымат кызматкерлеринин квалификациясын бекитүү жөнүндө токтом бар. Китепканачылар ушул документтин негизинде жумушка алынат. Бул тууралуу Ринат Бакеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда китепканачы болуп эмгектенип жаткан адистердин 80 пайызы улгайган кызматкерлер.

"Китепканачылардын айлык маянасы аз. Ошого карабай иштеп жаткан адистер чындыгында өз кесибин сүйгөндөр. Республика боюнча жалпысынан 1061 китепкана болсо, анда иштеген кызматкерлердин 80 пайызын улгайган адамдар түзөт. Тилекке каршы, жаштар аз айлык маяналуу жумушка келгиси келбейт. Ошентсе да көп жылдан бери өз кесибин таштабай иштеп келе жаткан 3-4 эркек китепканачы бар. Бул агайлардын бардыгы китепке болгон жогорку сый-урматынан улам ушул кесиптин ысык-суугуна чыдап, иштеп келе жатышат", — деди Бакеев.

Ал маданияттын айрым бир тармактарында эмгектенгендердин айлык маянасы жогорулагандыгын, пландык негизде кийинки кезекте китепканачылардын да эмгек акысы көбөйөрүн кошумчалады.

Тема боюнча

Маданият кызматкерлеринин айлыгы 80 пайызга чейин көтөрүлдү
Бакеев: айылдык китепканачылардын айлыгы 5000 сомго жетпейт
Белгилер:
кадрлар, эркек, китепкана, Ринат Бакеев
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ