Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Оторов: кырсыктан алыс болуу үчүн жол эрежесин сакташ керек

© Sputnik / Табылды КадырбековСтарший инспектор пресс-службы ГУОБДД МВД Тилек Оторов
Старший инспектор пресс-службы ГУОБДД МВД Тилек Оторов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Оторов жол тыгындарынын пайда болуусуна айрым учурда айдоочулар өздөрү күнөөлүү болуп каларын айтты.
Оторов: кырсыктан алыс болуу үчүн жол эрежесин сакташ керек

Кырсыктан алыс болуу үчүн эң биринчи кезекте жол эрежесин сакташ керек. Бул тууралуу Тилек Оторов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айрым учурда жол тыгындарынын жаралуусуна айдоочулар себепкер болуп калат.

"Кыш мезгилинде айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү абайлап жүрүүгө чакырам. Кырсыктан алыс болуу үчүн эң биринчи кезекте эки тарап тең жол эрежесин сактоого тийиш. Өзгөчө алыс жолго чыккандардын чынжыр, күрөк сыяктуу шаймандары дайыма даяр болушу керек. Бул жылы биринчи кар жааганда айрым айдоочулар карама-каршы тилкеге чыгып кетип, жол тыгындын пайда болуусуна жана бир топ убакытка созулуп кетишине себепкер болду", — деди Оторов.

Ал жол эрежесин бузган жөө адамдарга 500 сомго чейин айып салынарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0