Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мадиева: эски унааларды сатууга тыюу салынбаса, шаарды түтүн каптай берет

© Sputnik / Досхан НусупбековВрач Уулкан Мадиева
Врач Уулкан Мадиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын №6 клиникалык ооруканасынын дарыгери Уулкан Мадиева унаалардан бөлүнүп чыккан газ шаардын үстүндөгү кара түтүндү пайда кылып, анын кесепетинен дем алуу органдарына байланышкан оорулар күч алып жаткандагын билдирди.
Мадиева: эски унааларды сатууга тыюу салынбаса, шаарды түтүн каптай берет

Өпкө, дем алуу органдарына байланыштуу оорулар аба аркылуу жугуп, сасык тумоо, өпкөнүн кабылдоо жана бүтөлмө дарты сыяктуу ооруларды жаратат. Бул тууралуу Уулкан Мадиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып маалымдады.

Анын айтымында, абалды жөнгө салуу үчүн тийиштүү мамлекеттик мекемелер ыкчам чараларды көрүүсү зарыл.

"Азыр сасык тумоо, өпкөнүн кабылдоо жана бүтөлмө дарты, ларингит сыяктуу оорулар күчөдү. Шаар айланасына зыяндуу газдар абдан көп топтолуп жатат. Ал жер үйлөрдөгү жагылган отундан, көмүрдөн, ар кандай пластикалык материалдардан бөлүнүп чыгат. Эң эле кооптуусу — унаалардан бөлүнүп чыккан химиялык заттар. Бизде Европадан алынган эски унаалар көп, алардын агымын токтотпосок, аба тазаланбайт", — деди Мадиева.

Ошондой эле ал өпкө, дем алуу органдарынын ооруларын жөнөкөй шартта алдын алуу үчүн медициналык бет кап колдонуп, таза абага көп чыгып турууну сунуштай тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0