Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бообекова: максаттын аркасынан умтулуунун өзү ийгилик

© Sputnik / Исмаил МамытовКандидат педагогических наук, психолог Кадиян Бообекова
Кандидат педагогических наук, психолог Кадиян Бообекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова максатсыз жашоо жаман экенин айтты.
Бообекова: максаттын аркасынан умтулуунун өзү ийгилик

Киши өзүн жакшы тааныбаса, эмнени каалап жатканын билбесе, бактысыз болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, адам реалдуу максаттарды коюп, ага жетүүгө аракет жасашы керек.

"Ийгиликтүү кишилер мүмкүн эмести самаса, эң чоң ийгиликке жетишесиң деп айтып келишет. Жасалбай турган нерсе жок, болгону максаттын реалдуу жана реалдуу эмеси бар. Бир эле жолу аракет жасап, ишке ашпай калса кол шилтеп кетип калбаш керек. Өз кесибинин мыктысы болуу үчүн бир топ эмгек талап кылынат. Кайра-кайра жасай берүү акыры ийгиликке жеткирет. Максаттар реалдуу жана так коюлса, ага параллелдүү башка жумуштарды да алып кетүү жеңил болот", — деди ал.

Психолог реалдуу эмес пландын ишке ашпай калуусу кишини кайра өзүн-өзү шылдыңдоого алып келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0