Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Баясов: инвесторлордун келиши менен Кыргызстан өнүгөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаведующий госагентством по продвижению инвестиций и экспортом Нурадил Баясов
Заведующий госагентством по продвижению инвестиций и экспортом Нурадил Баясов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инвестиция жана экспортту илгерилетүү агенттигинин өкүлү Нурадил Баясов чет элдик ишкерлер үчүн Кыргызстанда бизнес жасоо ыңгайлуу экенин айтты.
Баясов: инвесторлордун келиши менен Кыргызстан өнүгөт

Инвесторлордун келиши менен Кыргызстандын экономикасы өнүгөт. Бул тууралуу Нурадил Баясов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тышкы инвесторлордун өлкөгө келиши өтө керектүү жана маанилүү.

"Чет элдик ишкерлердин бизге келиши жаңы технология, жаңы менеджмент жана өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө алып келет. Тышкы инвесторлордун Кыргызстанга келиши өтө керектүү нерсе. Алар үчүн биздин өлкөдө ыңгайлуу шарттар каралган. Биринчи кезекте инвестиция жасоочу адам ички рынокту карайт. Мамлекеттин калкынын санын, чет өлкөлөр менен болгон байланышы, кызматташуулары биринчи орунда турат. Ал эми биздин өлкө бул талаптарга жооп берет. Андыктан инвестор үчүн да бизге келип, бизнесин жасоо кызык", — деди ал.

Баясов Кыргызстан үчүн чет элдик ишкерлердин IT технология, туризм жана жер иштетүү тармагында иш алып баруусу көбүрөөк пайдалуу болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0