Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Масалиев: президентти кол тийбестиктен ажыратуу Жээнбековдун тапшырмасы эмес

Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев "президенттин кол тийбестигинин кепилдиги" мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө убакыт келип жетти деп эсептейт.
Масалиев: президентти кол тийбестиктен ажыратуу Жээнбековдун тапшырмасы эмес

2003-жылы "КРдин президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө" мыйзам кабыл алынган. Анда иштеп жаткан жана "экс" статусуна ээ президентке бир топ жеңилдиктер каралган. Экс-президентке жеңилдик берүүнүн башкы максаты — аны кайрадан шайлоого бардырбоо эле. Бул тууралуу Исхак Масалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2005-жылы аталган мыйзамдын 3-беренеси ("Тунгуч президентке жеңилдиктерди берүү") алып салынып, бирок 12-беренеси ("Экс-президенттин кол тийбестиги") калып калган.

"Экс-президенттин кол тийбестигинин кепилдиги тууралуу буга чейин да бир нече жолу сунушталган. 2006, 2010 жана 2016-жылдары Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенде экс-президенттин ыйгарым укуктары тууралуу берене алып салынган болчу. Ошонун негизинде 2011-жылы ал кездеги премьер-министр Алмазбек Атамбаев Башмыйзамга дал келтирүү максатында "президенттин кол тийбестигинин кепилдигин" алып салууну Жогорку Кеңешке сунуштаган. Ал эми 2014-жылы Юстиция министрлиги да ушундай таризде мыйзам долбоорун жазып, парламентке киргизген. Бирок ал да колдоо тапкан эмес. Мен 2010-жылы Атамбаев президенттикке талапкерлигин койгондо штабынын башчысы болуп иштеп бергем, ал эми 2017-жылы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги турганда колдогон эмесмин. Андыктан бул учурдагы президенттин тапшырмасы дегендер жаңылышат. Мен эч кимдин буйругун аткарып жаткан жокмун. Акыркы жылдары келип чыккан түрдүү маселелерден улам коомчулукта "экс-президентти жоопко тартса болобу" деген суроо жаралды. Коргоо органдары 12-беренедеги толук кол тийбестиктин бар экендигин айтышты. Мыйзамдагы бул адилетсиздикти биз жокко чыгарышыбыз керек", — деди Масалиев.

Эл өкүлү сунуштап жаткан мыйзам долбоору колдоо тапса, "экс" статусун расмий алган бардык президенттерге тиешелүү болорун кошумчалады.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0