Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жапаров: инвентаризация — коррупцияга бөгөт койчу негизги жол

© Sputnik / Табылды КадырбековИнтервью депутата Жогорку Кенеша Акылбек Усенбекович Жапаров
Интервью депутата Жогорку Кенеша Акылбек Усенбекович Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бир Бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров мамлекеттик мүлктүн эсебин чыгаруу менен коррупцияны кескин түрдө азайтуу мүмкүн экендигин билдирди.
Жапаров: инвентаризация — коррупцияга бөгөт койчу негизги жол

Мамлекет жер үстү менен жер астындагы өз байлыктарынын эсебин так билсе, өлкөдө экономикалык өнүгүү болот. Мындай пикирин Акылбек Жапаров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган фракция инвентаризация жүргүзүү боюнча токтом кабыл алып, өкмөткө тапшырган. Бирок учурда эч кандай иш жүргүзүлө элек.

"Ар бир үй-бүлөдө кожоюн канча мал-мүлк бар экенин билет. Аялы идиш-аяк, кийим-кечегинин эсебине так. Ушул сыяктуу эле мамлекет да өз байлыктарынын эсебин билиши зарыл. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери бир да жолу инвентаризация жүргүзүлгөн эмес. Башкача айтканда, учурда өлкөгө эмне тиешелүү, кайсы объект же жер жеке менчикке өтүп кеткен, канчасы ижарада турат, элде канча унаа, канча мал бар, эч ким эсебин билбейт. Ошонун негизинде башаламандык жаралат. Биринчи эле кезекте экономикага зыянын тийгизет. Эгер мамлекет канча айдоо жерине эмне себилип жатканын билсе, болбосо кайсы аймакта кайсы малдын түрү көп экени аныкталса, жылына канча автоунаа кирип, канчасы чыгып жатканы так болсо, ошого жараша чыгым, керектөөлөр эсептелип, божомолдор жасалып, иш жүрмөк да, туурабы? Так эсеби жок өлкөдө коррупция да гүлдөп өнүгө берет. Инвентаризация жасоо менен биз жемкорлуктун күрөө тамырын кесет элек ", — деди Акылбек Жапаров.

Эл өкүлү аталган маселеде учурдагы премьер-министр менен фракциянын ою бир жерден чыгып жатканын, ошондуктан өкмөт бул ишти кечеңдетпей аткарарына үмүт артарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0