Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айманбетова: режиссёр — чоң кемени башкарган капитан

© Sputnik / Асель АкматалиеваРежиссер КТРК, отличник культуры Ырыс Айманбетова
Режиссер КТРК, отличник культуры Ырыс Айманбетова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КТРКнын режиссёру, маданияттын мыкты кызматкери Ырыс Айманбетова 27 жыл телевидениеде эмгектенгенин айтты.
Айманбетова: режиссёр — чоң кемени башкарган капитан

Режиссёр — чоң кемени башкарган капитан. Бул тууралуу Ырыс Айманбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун КТРКнын 60 жылдыгына арналган эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бир көрсөтүүнү даярдаганга 40 кызматкер эмгек жумшайт. Анын баарынын жоопкерчилиги режиссёрго жүктөлөт.

"Телевидениеге конкурстук система аркылуу келип иштеп калгам. Билинбей эле бул кесипти 27 жыл аркалаптырмын. Бул аралыкта түрдүү жанрдагы көрсөтүүлөрдү даярдап, көрүүчүлөргө тартуулаганга жетиштик. Азыркы эмгектенип жаткан режиссерлордун да эмгегин жогору баалайм. Алар идеяга бай. Негизи режиссёрлук кесипти чоң кемени башкарган капитанга салыштырат элем. Сценарий менен таанышып, кимге кандай команда бериш керектигин иштеп чыгат. Бир эле көрсөтүүдө жок эле дегенде 40тай адам иштейт. Баарына жоопкерчилик алып, учак учканга даярданган сыяктуу эфирге даярданып баштайсың", — деди КТРКнын отличниги.

Ал түз эфирде иштөө өзүнө ырахат тартуулап келгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0