Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сулайманов: мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо керек

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК, лидер фракции "Бир Бол" Алтынбек Сулайманов
Депутат ЖК, лидер фракции Бир Бол Алтынбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Мамлекеттик мүлк фондусунун балансына караштуу мүлктү инвентаризациялап, алардын тизмесин аныктап берүү үчүн өкмөткө тапшырма 2-3 жыл мурун эле берилгендигин маалымдады.
Сулайманов: мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо керек

Бирок ал тапшырма азыркы күнгө чейин аткарылбай келет. Андыктан, аталган маселени "Бир Бол" фракциясы жакын арада кайрадан парламентте көтөрүп чыгат. Бул тууралуу Алтынбек Сулайманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта өлкөнүн аймагындагы тоо-кен, жаратылыш ресурстары, курулуш объектилеринин кайсынысы жеке менчик, кайсынысы мамлекеттик экендиги белгисиз.

"Алты миллион калкыбыз бар. Кайсы мүлк элдики, кайсы мүлк жеке менчик экендигин билбейбиз. Муну билүүгө 2-3 жылдан бери аракет көрүп жатабыз. Бирок натыйжа чыкпай жатат. Мамлекетке тиешелүү мүлктү инвентаризациялоо керек. Болбосо, жайыттарды, курулуш объектилерин мамлекеттен ижарага алып, анан эле "менин менчигим" дегендер көбөйүп кетти. Мамлекеттик мүлк фондусунун балансына эмне карай турганын билишибиз керек", — деди Сулайманов.

Ошондой эле депутат өкмөт токтомду аткара албай жатканынын башкы себеби бюрократия жана жоопкерчиликтин жоктугу экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0