Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шыкмаматов: алимент төлөөдө жоопкерчилик күчөтүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК Алмамбет Шыкмаматов
Депутат ЖК Алмамбет Шыкмаматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Үй-бүлө кодесине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жаткандыгын маалымдады.
Шыкмаматов: алимент төлөөдө жоопкерчиликтер күчөтүлөт

Өзгөртүүлөрдүн маңызы жалгыз бой энелердин жана балдардын укугун коргоо, алимент төлөбөй жүргөн эркектердин жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат. Бул тууралуу Алмамбет Шыкмаматов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасынын эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзам боюнча алимент төлөбөй жүргөн эркектерге карата кылмыш жоопкерчилиги каралганы менен анын механизмдери толук аныкталбай калган.

"Жубайлардын мамилеси үй-бүлөлүк кодекс менен жөнгө салынат. Бул жерге өзгөртүүлөрдү киргизбесек болбой калды. Жалгыз бой аялдардан алиментке байланыштуу көп арыздар түшөт. Ажырашып кетип, алимент төлөөдөн баш тартып же качып жүргөн эркектердин өлкөдөн чыгып кетүүсүнө бөгөт коюшубуз керек. Белгилей кетүүчү жагдай, бул жерде жоопкерчилик өз жанын араң багып жүргөн, иши же үйү жок эркектерге эмес, колунда бар, тентек, кара өзгөй эркектерге карата багытталган. Алар чет өлкөгө бир гана эс алуу, убактыларын кызыктуу өткөрүү үчүн чыгып турушат", — деди Шыкмаматов.

Ошондой эле ал алиментти милдеттүү түрдө төлөтүү жоопкерчилиги бир гана эркектерге эмес, ошол эле маалда жолдошун балдары менен таштап кеткен аялдарга дагы колдонула тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0