Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жапаркулова: чыгармачыл адамдын мээси бош болбойт

© Sputnik / Асель АкматалиеваОтличник КТРК, художник-постановщик Гулум Жапаркулова
Отличник КТРК, художник-постановщик Гулум Жапаркулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КТРКнын отличниги, сүрөтчү-коюучу Гүлүм Жапаркулова жашоосунун 30 жылын телевидениеге арнаганын айтты.
Жапаркулова: чыгармачыл адамдын мээси бош болбойт

Чыгармачыл адамдын мээси бош болбойт. Телевидение кызматкерлери бир көрсөтүүнү даярдап бүтөрү менен кийинки эфирин ойлой баштайт. Бул тууралуу Гүлүм Жапаркулова Sputnik Кыргызстан радиосунун КТРКнын 60 жылдыгына арналган эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, пенсияга чыгып баратканда эми эмне жөнүндө ойлоном деп тынчсызданган.

"Эфирден секунд кечиксең сөгүш даяр турат. Ар бир секунд телерадио үчүн өтө манилүү жана чоң жоопкерчиликти талап кылат. Жаңыдан иштеп баштаганда эми ушул жерде иштеп кете аламбы деп кабатырлангам. Мен даярдаган эфирлер өзүмө башкача сезилчү. Тажрыйбалуу сүрөтчү-коючулардын эмгегине эч окшошчу эмес. Алар кичине эле бир жерин өзгөртүп койсо, укмуш кадрлар пайда болуп калар эле. Бара-бара мен да жарыкты туура коюунун, кантип экранга таасирдүү кадрларды алып чыгуунун сырларын үйрөнүп баштадым. Ошентип билинбей эле жашоомдун 30 жылы телевидениеде өтүп кетиптир. Пенсияга чыгып баратып, эми эмне тууралуу ойлоном деп тынчсыздандым. Анткени чыгармачыл адамдын мээси бош болбойт. Бир көрсөтүүнү даярдап бүтөрү менен кийинки эфирин ойлоно баштайт", — деди КТРКнын ардагери.

Ал азыркы операторлор кулагына кулакчын салып, бир ордунан жылбай кадр алып жатканына таң каларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0