Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тиллаев: жер салыгына айына үч сомдон төлөп пенсияга чыгып жатышат

© Sputnik / Асель Акматалиева"Республика — Ата-Журт " фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев. Архив
Республика — Ата-Журт  фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата-Журт " фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев пенсиялык системада теңдештик, адилеттүүлүк жок болуп жаткандыгын айтты.
Тиллаев: жер салыгына айына үч сомдон төлөп пенсияга чыгып жатышат

Эч жерде иштебей, болгону жер салыгына айына үч сомдон төлөп деле 30-35 жыл мугалим, дарыгер болуп иштеген адамдар менен дээрлик бирдей пенсияга чыгып жатышат. Мындай социалдык теңсиздикти жоюу керек. Бул тууралуу Таабалды Тиллаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 648 миң пенсионер бар.

"Мисалы, мамлекетке эч качан салык төлөбөгөн, эч жерде иштебеген жаран жаш курагына байланыштуу пенсияга чыгам дейт. Ал үлүшкө тийген жерине айына болгону үч сомдон салык төлөп, 20 жылга 7200 сомду төгүп коюп эле пенсиянын базалык бөлүгү 2000 сомго жакын алып жатпайбы. Ошол эле учурда 30-35 жыл эмгектенип, жыл сайын салыгын төгүп турган мугалим же дарыгер деле 3000 сомдун тегерегинде пенсия алат. Адилеттүүлүк каякта? Андыктан бүгүнкү күндө пенсиялык система толугу менен реформаланууга муктаж. Биз реформаны бүгүн баштасак, ал келечекте ишке ашат. Азыр көп пенсия алгандар кооптонбой деле койсо болот", — деди Таабалды Тиллаев.

Ошондой эле эл өкүлү күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0