04:48 25 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.7900
  • EUR100.6754
  • RUB1.1184

Мамытова: соңку үч жылда чет өлкөдөн билим алсам деген жаштар көбөйдү

Радио
Кыскача шилтеме алуу
73 0 0

Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Махабат Мамытова соңку учурда чет өлкөдөн билим алууга ниет койгон студенттер көбөйгөнүн айтты.

Мамытова: соңку үч жылда чет өлкөдөн билим алсам деген жаштар көбөйдү

Чет өлкөгө кетип жаткан жаштардын бир бөлүгү министрликтин жардамына таянса, бир бөлүгү башка өлкөдөгү ЖОЖдор менен түз байланышып кетет. Бул тууралуу Махабат Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, акыркы үч жылда башка өлкөдөн билим алууга кызыккан жаштардын саны өскөн.

"Азыркы балдар мектеп курагынан баштап эле башка өлкөлөрдөн билим алууну пландап жатышат. Алар чет элден алган билим өлкөнү өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген ойдо. Бүгүнкү мектептер да англис, француз тилдерине басым жасоодо. Бул көрүнүш чет мамлекетке барып, окуп келгенге жол ачып жатат", — деди Мамытова.

Ошондой эле ал билим артынан чет өлкөгө кеткендердин көпчүлүгү кайтып келерин, башка өлкөнү байырлап калган жаштар чанда кездешерин кошумчалады.

Тема боюнча

Министр Кудайбердиева китептеги каталар, ЖОЖдогу окуу акысы, жеке турмушу тууралуу
Белгилер:
билим, окуу жай, Махабат Мамытова

ЭҢ МААНИЛҮҮ