Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Зарлыков: КТРКда иштеген оператор балдардын көбүн тарбияладым

© Sputnik / Асель АкматалиеваКТРКнын отличниги, маданияттын мыкты кызматкери Бакыт Зарлыков
КТРКнын отличниги, маданияттын мыкты кызматкери Бакыт Зарлыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КТРКнын отличниги, маданияттын мыкты кызматкери Бакыт Зарлыков далай жаш операторлорду үйрөтүп, алар өлкөнүн ичинде гана эмес, чет өлкөдө дагы эмгектенип жүргөндөрүн айтты.
Зарлыков: КТРКда иштеген оператор балдардын көбүн тарбияладым

Менин колуман тарбия алган балдардын так санын билбейм, 80-90го жетет болуш керек, бирок учурда деле окутуп келем. Бул тууралуу Бакыт Зарлыков Sputnik Кыргызстан радиосунун КТРКнын 60 жылдыгына арналган эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, операторлор түшүргөн кадрларды карап отуруп, өзүнүн шакирттерин адашпастан аныктап алган учурлары болот.

"Иш тажрыйбамда канча баланы окутуп, операторлук кесипке үйрөткөнүмдү так билбейм. Өзүм КТРКдан сырткары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинде операторлук чеберчилик боюнча дагы сабак берем. Бүтүрүүчүлөрүмдүн айрымдары Синьхуа, Рейтер сыяктуу ири медиаларда иштейт. Андан сырткары, Түркия, Россияда дагы көп шакирттерим бар. КТРКда болсо жаш операторлордун басымдуу бөлүгү менин тарбияман өткөн балдар. Кыргыз телесинде эмгектенип жатканыма 35 жылдын жүзү болду. Жашоомду телевидениесиз элестете албай калдым десем жаңылышпайм", — деди Зарлыков.

Ошондой эле ал учурда операторлор үчүн көптөгөн техникалык мүмкүнчүлүктөр бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0