Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тиллаев: соттор пенсияга чыгары менен эки миллион сом алышат

Жазылуу
"Республика — Ата-Журт " фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери 30-40 жашында пенсияга кетип жатышы туура эмес деген пикирин айтты.
Тиллаев: соттор пенсияга чыгары менен эки миллион сом алышат

Пенсия системасын жөнгө салууда мен күч органдарын айткам. Башка тармакта иштеп жаткан пенсионер адистерге сунушумдун тиешеси жок. Мисалы, соттор пенсияга чыгары менен бир жолку берилчү төлөм катары — эки миллион сом алышат. Бул тууралуу Таабалды Тиллаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы пенсиялык төлөмгө бюджеттен 20 миллиард 300 миллион сом бөлүнсө, 2019-жылдын казынасынан 20 миллиард 965 миллион сом каралууда.

"Күч түзүмдөрүндө иштеген кызматкерлердин маянасы жогору жана мыйзамдын негизинде алар 30-40 жашында эле пенсияга чыгып калышат. Пенсияга чыккан соң бизнес менен алектене алышпаса, же башка ишке өтө албаса, кайра эле өз кесиби менен кызматын улантышат. Албетте, 30-35 жаштагы акылы, күчү толуп турган кызматкерди пенсияга кетирген туура эмес. Ошол эле учурда алардын жогорку айлык, жогорку пенсияны бирдей алып иштегени да учурдагы Кыргызстандын шартына туура келбейт. Ошондуктан ИИМ, Финпол, ӨКМ, Бажы кызматы, прокурорлор, соттор — мен мына ушул адистиктердин пенсиялык төлөмүн карап чыгууну сунуштап жатам. Бирок эл жалпы журттукун деп түшүнүп алды окшойт. Мисалы, соттор пенсияга чыкканда мамлекет тарабынан бир жолку төлөнүүчү эки миллон сом алышат. Мамлекеттин эсебинен пенсия алган бул адамдар эч кандай салык да төлөшпөйт. Ошол эле дарыгерлер, мугалимдер төлөп жаткан салыктардан бошотулган. Менин сунушум мыйзамдын негизинде мына ушундай теңсиздиктерди жоюу максатында айтылды", — деди Тиллаев.

Ал өлкөдө пенсияга чыккандан соң иштеп жаткан жарандар жалпы кызматкерлердин 60 пайызын түзсө, алардын 90 пайызы мамлекеттик кызматтарда эмгектенерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0