Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бейшеналиев: Шахановдун айтуусунда Жөжө акындын теги кыргыз болгон

© Sputnik / Асель АкматалиеваЖурналист, исследователь Жоомарт Бейшеналиев
Журналист, исследователь Жоомарт Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналист, иликтөөчү Жоомарт Бейшеналиев өз иликтөөлөрүнө таянып, Жөжө акын кыргыздын саруу уруусунун кашкатаман уругунан экенин айтты.
Бейшеналиев: Шахановдун айтуусунда Жөжө акындын теги кыргыз болгон

Жөжө акындын теги кыргыз болгон. Мен бул тууралуу маалыматты алгач 1995-жылы Манастын 1000 жылдык мааракесине келген, ошол кездеги Казакстандын Кыргызстандагы элчиси, жазуучу Мухтар Шахановдон уккам. Бул тууралуу Жоомарт Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, журналист ошол мезгилден тартып Жөжө акындын өмүр таржымалын иликтөөгө киришкен.

"Жөжө акын кыргыздын саруу уруусунун кашкатаман уругунан экенин Мухтар Шахановдон уккам. Ал 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына келгенде айткан эле. Жөжө акын тууралуу Мухтар Ауэзовдун "Абай" романында да эскерилет. Абайдын атасы Кунанбайдын колунда жүргөндүгү китепте айтылып кеткен. Туулган жери, жылы тууралуу талаштар көп. Илья Жаканов деген казактын көрүнүктүү композитору, жазуучусу "Кертолгоо" деген романында Жөжө акындын Балыкооз манасчы, Байтик баатыр менен болгон байланышы тууралуу жазат. 1864-жылы Чокон Валиханов Омск шаарындагы аскердик окуу жайда окуп жаткан кезинде, акындын чыгармачылыгына кызыгып, "Козу Көрпөш Баян сулуу" деген поэмасын бир ай жанында алып жүрүп жазып калган. Жөжөнүн өмүр жолун изилдеп отуруп мен кашкатаман уругу Таластын Бакыян, Май айылдарында отурукташканына күбө болдум. Аксыда да кашкатамандар бар, бирок алар кийин барып жашап калгандар. Жөжө акындын атасы 1776-жылкы Абылай хандын чабышында барымтага түшүп, айдалып барып калгандардан болсо керек. Анткени ошол чабышта барымтага түшүп баргандардын арасында Сары, Каракесек деген кишилер болгон. Учурда карагандылык казактар өздөрүн сарыдан, каракесектен тараганбыз деп айтышат. Ал эми Жөжө акындын өзүнөн тукум калган эмес", — деди Бейшеналиев.

Ал Жөжө акындын чыгармачылыгы жеткиликтүү деңгээлде изилденбей жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0