Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жоошбаева: аз кыймылдоо кант диабетине алып келет

© SputnikСаламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Эндокринология борборунун өкүлү Кайыргүл Жоошбаева
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Эндокринология борборунун өкүлү Кайыргүл Жоошбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Эндокринология борборунун өкүлү Кайыргүл Жоошбаева дүйнөдө кант диабетине чалдыккан адамдардын саны өсүп жаткандыгын айтты.
Жоошбаева: аз кыймылдоо кант диабетине алып келет

Расмий маалыматтар боюнча 2018-жылдын 1-январына карата өлкөдө 57 миң адам кант диабети менен ооруп, каттоодо турат. Бирок иш жүзүндө алардын саны 3-4 эсеге көп. Бул тууралуу Кайыргүл Жоошбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, болжолдуу түрдө аталган дартка чалдыккандардын саны 200 миңге чейин жетиши мүмкүн.

"Ооруга чалдыккандардын саны көбөйүп жатат. Диабет дартынын биринчи белгилери — адам тез суусай баштайт, бат-баттан заара кылгысы келет, дене кычышып, арыктайт, көздүн көрүүсү начарлап, буттар ооруксунат. Бирок бул белгилер анчалык билинбей жүрүшү мүмкүн. Убагында бул белгилерге көңүл бурбай жүргөндөр да көп кездешет. Ошондуктан диабетке чалдыккандардын саны расмий маалыматтарга караганда алда канча көп деп болжолдоп жүрөбүз. Кант диабетинин жаралуусун шарттаган биринчи кезекте аз кыймылдуулук болуп эсептелет, туура эмес тамактануу, стресске чалдыгуу, тукум куучулук да жактары бар. Мындан сырткары, ичимдик ичүү жана чылым чегүү да пайда болгон илдеттин тез өрчүп кетишине шарт түзөт", — деди Жоошбаева.

Дарыгер оорунун алдын алуу үчүн жылына бир жолу кандын курамындагы канттын деңгээлин текшертип туруу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0