Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакеев: айылдык китепканачылардын айлыгы 5000 сомго жетпейт

© Фото / Курманбек кызы ЧынарМаданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Ринат Бакеев. Архив
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Ринат Бакеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Ринат Бакеев аймактардагы китепканаларда өз кесибин чын дилинен сүйгөн гана адистер иштеп жаткандыгын айтты.
Бакеев: айылдык китепканачылардын айлыгы 5000 сомго жетпейт

Айылдык китепканачылардын айлыгы 3500 сомдон 4500 сомго чейин. Эмгек кодексине ылайык, алар толук графикте иштешет. Бул тууралуу Ринат Бакеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, китепканачылардын айлык маянасын көтөрүү өкмөт тарабынан каралып жатат.

"Өлкө аймагында жалпысынан 1061 китепкана бар. Анда эмгектенген адистер 3500 сомдон 4500 сомго чейин маяна алышат. Албетте, бул аз. Ошентсе да өз кесибин таштабай, берилүү менен эмгектенип жаткан китепканачылар көп. Быйыл айрым багыттагы маданият кызматкерлеринин айлык акысы 80 пайызга чейин көтөрүлдү. Бирок бул категорияга китепканачылар кирген жок. Алардын маянасынын жогорулашы кийинки баскычтарда ишке ашат", — деди Бакеев.

Ал маданият министрлигинин өкүлү катары аталган кыйынчылыктарга карабай, өз кесибин улантып келе жаткан китепканачыларга ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0