Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаныбек кызы: студенттик майрамды максаттуу белгилөө зарыл

© Sputnik / Асель АкматалиеваСтудентка Жаныбек кызы Айзирек
Студентка Жаныбек кызы Айзирек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17-ноябрь — студенттердин эл аралык күнү.
Жаныбек кызы: студенттик майрамды максаттуу белгилөө зарыл

Аталган күндү пайдалуу, максаттуу өткөрүүнүн бир канча түрү бар. Бул тууралуу Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун студенти Айзирек Жаныбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Ал студенттердин эл аралык күнүндө жаштар сөзсүз эле көңүл ачуучу жайларга барыш керек деген пикирди колдобойт.

"Студенттик күндү белгилеш керек. Бирок көңүл ачуучу жайлардан эмес. Бул күндү ар бир студент өзүн өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларга барып өткөрсө болот. Айрымдар клубдарга барып, спирт ичимдиктерин ичип, терс жолго түшүп кетиши да мүмкүн. Ошондой эле акчасын да коротот. Анын ордуна жаштарды өнүктүрүүчү тренингдерге катышып, пайдалуу маалыматтарга ээ болууга аракет жасоо зарыл", — деди студент.

Жаныбек кызы окуу жайлардагы паракорчулукка студенттер өздөрү күнөөлүү экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0