Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумабаева: өлкөдө балдар арасында диабет оорусу өрчүп жатат

© Sputnik"Диабетсиз балалык" уюмунун жетекчиси Нурхан Жумабаева
Диабетсиз балалык уюмунун жетекчиси Нурхан Жумабаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Диабетсиз балалык" уюмунун жетекчиси Нурхан Жумабаева жыл башынан бери 52 бала диабет оорусуна чалдыкканын айтты.
Жумабаева: өлкөдө балдар арасында диабет оорусу өрчүп жатат

Өлкөдө кант диабетине чалдыккан балдардын саны көбөйүп жатат. Анын башкы себеби — туура эмес тамактануу. Бул тууралуу Нурхан Жумабаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында эле аталган илдетке чалдыккан 756 бала бар.

"Кант диабетине чалдыккан наристелердин саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Анын башкы себеби — туура эмес тамактануу, углеводдорду ченемден көп жеп, ичүү болуп саналат. Ата-энелер балдарынын туулган күнүн, майрамдарды белгилегенде столдун үстүн карасаңыз, пицца, торт, түрдүү таттуулар, суусундуктар болот. Бул тамактарды бир отуруп жеп алуу баланын ден соолугуна олуттуу зыян алып келет. Ошондой эле студенттер да тез татымдан тамактанып, диабет оорусуна жол ачууда. Статистиканы алып карай турган болсок, Бишкекте эле 756 бала кант диабетинен жабыркайт. Алардын 150сү I типтеги түрүнө чалдыкса, 52 бала ушул жыл ичинде кабылган. Андыктан ата-энелер балдарынын тамактануу рационуна олуттуу көңүл буруулары зарыл ", — деди Жумабаева.

Ошондой эле ал кант диабети менен ооруган балдарга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0