01:31 22 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.7000
  • EUR77.3008
  • RUB1.1268

Сулайманов: бир күн дагы мамлекеттик кызматта иштеген эмесмин

Радио
Кыскача шилтеме алуу
79 0 0

"Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов депутат болбой калса кайра эле ишкерлик менен алектенерин айтты.

Бир күн дагы мамлекеттик кызматта иштеген эмесмин, келечекте деле иштебейм. Мындай пикирин Алтынбек Сулайманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдагы парламенттик шайлоого партия жигердүү катышат. Эгер өтпөй калса, учурдагы фракция лидери Алтынбек Сулайманов кайрадан ишкерлик менен алектенет.

"35 жашымда депутат болуп келдим. Ага чейин ишкерлик менен алектенгем. 2020-жылы боло турган шайлоого партия активдүү катышат. Сөзсүз өтөбүз деп чоң сүйлөгөндөн алысмын, бирок болгон аракетибизди жумшайбыз. Эгер өтпөй калсак, мамлекеттик кызматта иштегим келбейт. Кайрадан эле ишкерлик менен алектенем", — деди Сулайманов.

Эл өкүлү юридикалык жана экономикалык эки кесиптин ээси экендигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Алтынбек Сулайманов өлкө бюджетин үнөмдөө максатында аким, губернаторлорду жоюп, айыл өкмөттөр тикелей премьер-министрге баш ийиши керектигин сунуштап келет.

Тема боюнча

Иса Өмүркулов: эмне байлыгым болсо баары декларацияда көрсөтүлгөн
Депутат Сулайманов: мен азыр "чоң муштум Алтынбек" эмесмин
Белгилер:
тажрыйба, мамлекеттик кызматкер, ишкер, депутат, Алтынбек Сулайманов

ЭҢ МААНИЛҮҮ