Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сагынова: таңкы саат төрткө чейин эфирде отурчубуз

© Sputnik / Асель АкматалиеваОтличник КТРК, режиссер Майраш Сагынова
Отличник КТРК, режиссер Майраш Сагынова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КТРКнын отличниги, маданияттын мыкты кызматкери, режиссер Майраш Сагынова 40 жылдык өмүрүн телевидениеге арнагандыгын айтты.
Сагынова: таңкы саат төрткө чейин эфирде отурчубуз

КТРКнын саясат жана экономика редакциясында иш күнү-түнү дебей кызуу жүрүп, парламентте сессия болгон күндөрү таңкы саат төрткө чейин отурчубуз. Бул тууралуу Майраш Сагынова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн биринчи телевидениеси анын турмушунда баа жеткис роль ойноп, ал жерге арнаган жаштык кези үчүн эч качан өкүнбөйт.

"Мен телевидение же радиодо иштейм деп эч ойлогон эмесмин. Мугалимдик кесипти аркалайм деп кыялданчумун. 1972-1973-жылдары менден эки курс мурун окууну аяктаган Шайлоо Шайматовага кезигип калдым. Ал КТРКда иштечү экен. Анан эле режиссердун жардамчылыгына орун бар, телевидениеге иштеп көр деп сунуштады. Мен макул болуп, тажрыйба топтоп, бир айдан кийин экзаменден дагы өтүп кеттим. Башында балдар редакциясы, андан кийин саясат жана экономика редакциясында режиссерлук пультта отурдум. Ишибиз оор, бирок кызыктуу. Алты саат сессия тартып келебиз, аны кайра алты саат монтаждап отуруп, таңкы төрткө чейин эфирге чыгарчубуз. Жашообуз кызыктуу окуялардын коштоосунда өттү", — деди Майраш Сагынова.

Ошондой эле ал убагында телевидениеде азыркыдай техникалык мүмкүнчүлүктөр жок болгондугун айтып, бардыгы колго жасалып тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0