Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Төлөнова: коомдо майыптар үчүн ыңгайлуу шарт жок

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Тең мүмкүнчүлүктөр" социалдык борборунун жетекчиси Айдай Төлөнова
Тең мүмкүнчүлүктөр социалдык борборунун жетекчиси Айдай Төлөнова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тең мүмкүнчүлүктөр" социалдык борборунун жетекчиси Айдай Төлөнова өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүш керектигин айтты.
Төлөнова: коомдо майыптар үчүн ыңгайлуу шарт жок

Ушул тапта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоого багытталган конвенциянын парламентте ратификациядан өтүүсүн чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Бул тууралуу Айдай Төлөнова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган эл аралык конвенция Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзамдаштырылса, жүздөгөн майыптын күнүмдүк көйгөйлөрү акырындык менен чечилип баштамак.

"Коомдо мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ыңгайлуу шарттар каралган эмес. Ошондуктан көчөдө майып адамдарды чанда эле көрүүгө болот. Бул алардын санынын аздыгынан эмес, болгону көчөдө, коом арасында алар үчүн шарт жок. Эгерде конвенция кабыл алынса, анда ал жерде жазылган милдеттенмелер аткарылмак. Мисалы, көчө, тротуар, аллеяларда басуу жеңилдеп, имараттарга атайын пандустар эл аралык стандарттар менен курулмак, билим берүү мекемелеринде электрондук куралдар, аудио китептер алына баштамак. Азыр болсо бул шарттар айрым мекеме-уюмдар тарабынан гана ыктыярдуу түрдө каралат", — деди Төлөнова.

Ошондой эле ал өлкөдө китепканалардын арбындыгын айтып, бирок ал жерде азиз жана көзү начар көргөн адамдар китеп окуй албай келерин кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин вице-премьер Алтынай Өмүрбекова мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көрсөтүлчү камкордуктардын келечеги тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине кенен айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0