Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дүйшөмбиев: быйыл Бишкекте 47 көчө толук оңдолду

© Sputnik / Асель АкматалиеваВице-мэр Бишкека Бакытбек Дюшембиев
Вице-мэр Бишкека Бакытбек Дюшембиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дүйшөмбиев быйылкы жылы шаар ичинде 90 чакырым жол оңдолгондугун айтты.
Дүйшөмбиев: быйыл Бишкекте 47 көчө толук оңдолду

Бишкекте жалпысынан 49 көчөнү оңдоо планга киргизилип, анын 47си толук оңдоодон өттү. Жолдорду калыбына келтирүү иштери мындан ары да уланат. Бул тууралуу Бакытбек Дүйшөмбиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, шаар четиндеги жаңы конуштарга быйыл өзгөчө маани берилип, бир далай инфраструктуралык долбоорлор ишке ашты.

"Асфальттарды жаңылоо долбоору боюнча иштер 90 пайызга аткарылды. Жаңы көчөлөрдү, магистралдык байланыштарды курдук. Өзгөчө көңүл жаңы конуштарга бөлүнүп жатат. Газ түтүктөрүн, канализация куурларын орнотууга жетиштик. Албетте, кемчиликтер, аткарылбай калган иштер дагы болду. Мисалы, унаа токтотуучу жайлар боюнча жобону эми гана киргизип жатабыз. Буюрса, баарын талдап, жыйынтык чыгарабыз", — деди Бакытбек Дүйшөмбиев.

Андан сырткары, ал шаар тегерегинде жалпы 47 жаңы конуш бар экенин, андагы социалдык-инфраструктуралык маселелерди чечүүгө алгылыктуу кадамдар жасалып баштарын кошумшалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0