Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадырбеков: өлкө экономикасы аткаминерлердин адебинен көз каранды

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель фонда "Ыйман" Нуржигит Кадырбеков
Руководитель фонда Ыйман Нуржигит Кадырбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ыйман" фондусунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков эл шайлоодо келечегин ойлоп добуш бергенде гана бийликке коррупционерлердин келүүсү токтой турганын айтты.
Кадырбеков: өлкө экономикасы аткаминерлердин адебинен көз каранды

Өлкө экономикасы аткаминерлердин адебинен түздөн-түз көз каранды. Ошондуктан эл акыйкат добуш берүүгө үйрөнүшү керек. Мындай пикирин Нуржигит Кадырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик реформа дегенди бийлик бутактарынан эмес, элден башташ керек.

"Бизде реформаны жогорудан баштап, туура эмес жүргүзүшөт. Алгач коомду тарбиялашыбыз керек. Мамлекетти башкаруу мүмкүнчүлүгү элдин колунда болушу шарт. Кыргызстанда мындай мүмкүнчүлүк бар. Ал — шайлоо. Калк качан гана күнүмдүк кызыкчылыкка азгырылбай, келечекти ойлоп добуш бергенде, өлкөдө коррупционерлердин саны кескин азаят, экономиканын көтөрүлүшү байкалат. Ал эми азыр эл өкүлдөрүнүн же аткаминерлердин адебин айтып сындаганыбыз менен алар учурдагы коомго жараша эле болууда. Өлкөнүн бийлиги — ошол коомдун күзгүсү. Башкача айтканда, эли кандай болсо, башкаруучулары деле ошондой болот. Ошондуктан биз коомду адепке тарбиялап алсак, ал коом адептүү аткаминерлерди алып келет", — деди Кадырбеков.

Социолог бул үчүн калкты аралап түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мекенди сүйүүгө үндөө, адептүүлүккө чакыруу сыяктуу иштерди жүргүзүп туруу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0