Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өмүрбекова: майып балдар мектепке келе албаса, мугалимдер үйүнө барып окутат

© Sputnik / Данияр СандыбаевДепутат Догорку Кенеша Алтынай Омурбекова
Депутат Догорку Кенеша Алтынай Омурбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова өкмөт мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоосун жакшыртуу үчүн ар үч жылга план түзүп, аны аткарууга киришкенин айтты.
Өмүрбекова: майып балдар мектепке келе албаса, мугалимдер үйүнө барып окутат

Эми ар бир мүмкүнчүлүгү чектелген бала жакын жердеги кадимки мектептен билим алат. Эгер окуу жайга бара албаса, анда мугалимдер үйүнө барып окутушат. Бул тууралуу Алтынай Өмүрбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан 2011-жылы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргоо боюнча эл аралык Конвенцияга кошулган. Аталган документти Жогорку Кеңеш ушул жылдын ноябрында ратификациялады.

Документтин максаты — ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргоо, социалдык жашоосун жакшыртуу.

"2011-жылы биздин өлкө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргоо боюнча эл аралык Конвенцияга кол койгон. Эми биз мыйзамдын негизинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоосун эл аралык стандарттарга шайкеш келтиришибиз керек. Ошондуктан өкмөт ар үч жылда аткарылчу иштердин планын түзүп, аны ишке ашырууга аракеттене бермекчи. Кыргызстанда буга чейин деле калктын бул катмарын коргогон мыйзамдар иштеп келген. Бирок бул кадамдар жетишсиз. Мамлекет мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга шарт түзүүнү уланта берет. Эми ар бир майып баланы кадимки мектептен билим алууга милдеттендирип жатабыз. Окуучу өзү жашаган аймакка каттоого алынып, жакынкы мектептен билим алат, эгер бара албаса, мугалимдер үйүнө барып окутушат", — деди Өмүрбекова.

Ал ошондой эле бул жаатта турак жай менен камсыз кылуу маселеси да курч турганын, өкмөт көйгөйдү чечүүнү биринчи кезекте карап жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0