Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ишенапысова: эмдөө боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштап жатабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова. Архив
Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова эмдөөдөн баш тарткандардын саны көбөйүп жаткандыгын айтты.
Ишенапысова: эмдөө боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштап жатабыз

Эмдөө боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жаткандыгын Гүлбара Ишенапысова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, атайын медициналык процедурадан көбүнесе динчил адамдар баш тартып жатышат.

"Статистикалык маалыматка таянсак, 2016-жылы эмдөөдөн 4600 адам баш тартса, анын 61 пайызы диний көз караштан улам медициналык процедурадан өткөн эмес. 2017-жылы 7900 адамдын 68 пайызы диний ишенимден улам баш тарткан. 19-20 пайызы ишенбөөчүлүк жана ар кандай социалдык тармактардагы такталбаган маалыматтардын таасиринен улам кароодон өтпөй койгон. Мындайлардын саны жыл сайын өсүп баратат. Көйгөйдү чечүү максатында өкмөткө сунуш жибердик", — деди Ишенапысова.

Ошондой эле ал мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр киргизилсе, анда ата-энелер балдарын эмдөөдөн милдеттүү түрдө өткөрүүгө мажбур болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0