Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманакун уулу: имараттын ижарасын жылдап төлөбөгөндөрдү сотко берүүдөбүз

© Sputnik / Жоомарт УраимовДиректор Управления землепользования и строительства Талант Иманакун уулу
Директор Управления землепользования и строительства Талант Иманакун уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясына караштуу муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчиси Талант Иманакун уулу быйылкы план боюнча ижарага берилген имараттардан 120 миллион сом каражат өлкө казынасына түшүшү керектигин айтты.
Иманакун уулу: имараттын ижарасын жылдап төлөбөгөндөрдү сотко берүүдөбүз

Бир эле имараттын дебитордук карызы тогуз миллионго жеткен учурлар бар. Андыктан жылдап төлөбөгөн мындай ишкерлерди сотко берип жатабыз. Бул туууралуу Талант Иманакун уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында ижарага берилген имараттардан жылда 60 миллион сом өлкө бюджетине төгүү каралса, бул норма быйыл эки эсеге көбөйгөн.

"Бишкек шаарында ижарага берилген имараттардан жылына 60 миллион сом өлкө казынасына алуу каралган эле. 2018-жылдан баштап, шаардык кеңеш бул өлчөмдү эки эсеге көтөрдү. Быйылкы план боюнча биз 120 миллион сом төгүшүбүз керек. Ушул убакка чейин 70 миллион сом өндүрдүк. Жыл аягына чейин планды толук аткарып жетишебиз деп ойлойм. Бизде көйгөй дебитордук карыздарды өндүрүүдөн келип чыгууда. Айрым ишкерлер жылдап ижара акысын төлөбөй коюшат. Мисалы, бир эле ишкердин шаардык казынага болгон карызы тогуз миллион сомду түзгөн учурлар бар. Мындай ишкерлерди мыйзамдын чегинде сотко берүүдөбүз", — деди Иманакун уулу.

Ал ишкерлерди ижара акысын убагында төлөөгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0