Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өмүрбекова: мектептердеги ата-энелер фондун жоюуга аракет кылабыз

© Sputnik / Данияр СандыбаевВице-премьер Алтынай Өмүрбекова. Архив
Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова Бишкек шаарында 83 мектепте ата-энелер фонду бар экендигин айтты.
Өмүрбекова: мектептердеги ата-энелер фондун жоюуга аракет кылабыз

Мектептердеги ата-энелер фондун жоюуга аракет кылабыз. Бул боюнча жакынкы күндөрү мектеп директорлору, билим берүү башкармалыктары жана министрлик менен биргеликте талкуу өтөт. Бул тууралуу Алтынай Өмүрбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, орто билим берүү мекемелеринин чыгаша бөлүгү бюджеттин эсебинен гана каржыланышы керек.

"Ата-энелер фонду — бул атайын милдеттендирилген төлөмгө кирбейт. Мектептердин айрым чыгашаларын жабуу үчүн колго алынган демилге. Мыйзамда мындай фонд каралган эмес. Бул жаатта биз анализ жүргүзүп көрдүк. Аталган фонддор Бишкек менен Ош шаарында гана бар экен. Мисалы, Бишкек шаарында 96 орто билим берүү мекемеси болсо, анын 83үндө ата-энелер фонду бар. Бул фонддордун ишмердүүлүгүн ата-энелер гана көзөмөлдөөсү айтылганы менен иш жүзүндө мектеп директорлору аралашып жаткан учурлар бар. Бул, албетте, туура эмес көрүнүш. Андыктан келечекте мындай фонддордун жоюулуусу шарт,"— деди Өмүрбекова.

Ал мектепке чейинки жана орто билим берүүчү мекемелердин бардык чыгымдары өлкө бюджетинен гана каржыланышы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0