01:34 19 Жетинин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8400
  • EUR79.2474
  • RUB1.0583
Муратаалы Курөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директорунун орун басары Айгерим Намазбекова
© Sputnik / Асель Акматалиева

Намазбекова: музыкалык окуу жайга өтүү оңой эмес

Радио
Кыскача шилтеме алуу
40 0 0

Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директорунун орун басары Айгерим Намазбекова окуу жайга өтүү оңой-олтоң иш эмес экендигин айтты.

Музыкалык окуу жайга өтүүдө студенттин шыгы, таланты, өжөрлүгү биринчи орунда турат. Бул тууралуу Айгерим Намазбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, музыкалык окуу жайга өтүү үчүн болжол менен жылына гранттык 75 орунга 250 бала ат салышат.

"Биздин окуу жайдын тарыхы абдан кызыктуу жана узун жолду басып өткөн. Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы 1939-жылы түптөлгөн. Бизде Кыргыз Республикасынын гимнинин авторлору Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов жана башка мыкты инсандар билим алган. Бүтүрүүчүлөрүбүз учурда Россия Федерациясы, Коста-Рика, АКШ сыяктуу мамлекеттерде татыктуу түрдө өз ордуларын таап, кыргыз маданиятын жайылтып жүрүшөт. Биз уябызга 9-11-класстардын базасында кабыл алабыз. Бирок ага тапшыруу оңой-олтоң иш эмес. Музыкалык шык, талант, өжөрлүк айрыкча талап кылынат. Эң таланттуулары гана музыкалык окуу жайга тапшыра алат", — деди Намазбекова.

Ошондой эле, ал аталган музыкалык окуу жайында педагогикалык курам дагы күчтүү экендигин айтып, арасында эл артисттери, эмгек сиңирген маданият ишмерлери арбын экендигин кошумчалады.

Тема боюнча

Самара Каримова Оштогу музыкалык училищенин директору болбой калды
Байымбетов: музыкалык көп жанрлар өнүкпөй калды
Белгилер:
окуу жай, талант, музыка
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ