Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турсуналиева: чыгарма уурдоодо зыян 50 миң сомдон ашса иш козголот

© Sputnik / Асель АкматалиеваӨкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мемлекеттик кызматынын автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын башчысы Ырыс Турсуналиева
Өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мемлекеттик кызматынын автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын башчысы Ырыс Турсуналиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мемлекеттик кызматынын автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын башчысы Ырыс Турсуналиева авторлордун укугу мыйзамдын чегинде корголорун айтты.
Турсуналиева: чыгарма уурдоодо зыян 50 миң сомдон ашса иш козголот

Бирөөнүн чыгармасын уурдап алган учурда келтирилген зыян 50 миң сомдон аз болсо жеке жактар үч миң сомдон беш миң сомго чейин, юридикалык тараптар беш миң сомдон 10 000 сомго чейин айып төлөйт. Эгер 50 миң сомдон көп зыян келтирилсе, үч жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул тууралуу Ырыс Турсуналиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул үчүн чыгарма ээси арыз менен Финансы полициясына кайрылуусу керек.

"Бирөөнүн чыгармасын автордон сурабай колдонуу уурулукка жатат. Мисалы токтотуп койгон машинаны айдап кетсе жоопко тартылат да, туурабы. Ошол сыяктуу эле чыгарманы уурдоодо да мыйзам чегинде жооп бериши керек. КРдин мыйзамдарына ылайык интелектуалдык чыгармалардын 20дан ашуун түрү бар. Автордун уруксатысыз колдонсо жана ал аркылуу каражат тапса үч миң сомдон беш миң сомго чейин айып пул төлөйт. Юридикалык жактарга беш миң сомдон 10 миң сомго чейин айып салынат. Ал эми келтирилген зыян 50 миң сомдон ашса, КРдин автордук кодексинин 150-беренесине ылайык үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган", — деди Турсуналиева.

Ал автордун көзү өтүп кеткен учурда 50 жылга чейин анын мураскерлери автордук укукка ээ экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0