Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кудайбердиева: ишкерлерге чет элдик компаниялардан арыз түшкөн учурлар бар

© Sputnik / Асель АкматалиеваПресс-секретарь Кыргызпатента Гульбара Кудайбердиева
Пресс-секретарь Кыргызпатента Гульбара Кудайбердиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөткө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мемлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Гүлбара Кудайбердиева аталган ишкананын алдында интеллектуалдык менчик боюнча талашты карай турган апелляциялык кеңеш бар экенин айтты.
Кудайбердиева: ишкерлерге чет элдик компаниялардан арыз түшкөн учурлар бар

Товардык белгинин уурдалгандыгын айтып, белгилүү компаниялардан кыргыз ишкерлеринин дарегине түшкөн даттануулар бар. Бул тууралуу Гүлбара Кудайбердиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, интеллектуалдык менчик боюнча түшкөн арыздарды Кыргызпатенттин алдындагы апелляциялык кеңеш карайт. Эгер товардык белгинин ээси кааласа, уруксатсыз колдонгон ишкерди сотко бере алат.

"Белгилүү бир компаниялардын брендин уруксатсыз колдонгон ишкерлерге ошол товардык белгинин ээсинен арыздар түшкөн учурлар бар. Аларды Кыргызпатенттин алдындагы апелляциялык кеңеш карайт. Бирок ишкана өкүм чыгарып же жаза белгилегенге укугу жок. Мындай учурда иш сотко жетсе, уруксатсыз колдонгон ишкер бизнесинен эле айрылбастан көп чыгым да тартат. Андыктан, биз учурда бренддик белгилерди колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ишкерлерди мындан алыс болууга чакырып жатабыз. Ишкер өз өлкөсүнүн мекенчил инсаны болуусу керек. Ал өз товардык белгисинин автору болуусу шарт. Бул бизнестин туруктуу өнүгүүсүнө да ыңгайлуу", — деди Кудайбердиева.

Ал учурда бул багытта ишкерлер менен Кыргызпатент тыгыз иштешип жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0