Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Базаркулов: ишкерлерди өз товардык белгисин иштеп чыгууга чакырабыз

© Sputnik / Асель АкматалиеваӨкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мемлекеттик кызматынын экспертизалоо башкармалыгынын башчысы Артык Базаркулов
Өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мемлекеттик кызматынын экспертизалоо башкармалыгынын башчысы Артык Базаркулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мемлекеттик кызматынын экспертизалоо башкармалыгынын башчысы Артык Базаркулов учурда өлкө аймагында ата мекендик ишкерлерди жеке брендин ойлоп табууга чакырган акция өтүп жаткандыгын айтты.
Базаркулов: ишкерлерди өз товардык белгисин иштеп чыгууга чакырабыз

Ишкерлерди өз товардык белгисин иштеп чыгууга чакырабыз. Учурда бул багытта түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Артык Базаркулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ишкерлер башка фирмалардын брендин уруксатсыз пайдаланган учурда ээси сот аркылуу кайра тартып алганга укуктуу.

"Ишкерликтин кандай түрү болбосун, анын өз аты болгону жакшы. Бул биринчи кезекте ишкердин убактысын жана каражатын үнөмдөйт. Эгер ишкер башка бир брендди уруксаты жок пайдаланса, анын ээси сотко берип кайра тартып алганга укуктуу. Өз товардык белгиси менен бизнес жасоонун дагы бир жакшы жагы — ал чет өлкөгө таанылууга мүмкүнчүлүгү чоң. Учурда Кыргызпатент ишканасы бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн бир айлык акция баштады. Анын алкагында товардык белгилерди колдонуу тууралуу жеринен кенен маалымат таратып жатабыз", — деди Базаркулов.

Ал брендди колдонуу боюнча маалымат алууну каалагандар аталган ишканага кайрылса болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0