Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Анарбек уулу: бир нече ирет жалбырак өрттөгөндөргө 20 миң сом айып салынат

© Sputnik / Асель АкматалиеваСтарший инспектор госэкотехинспекции Медетбек Анарбек уулу
Старший инспектор госэкотехинспекции Медетбек Анарбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экологиялык жана техникалык инспекциясынын Бишкек шаарындагы региондор аралык башкармалыгынын улук инспектору Медетбек Анарбек уулу күз мезгилинде жалбырак өрттөө күч аларын айтты.
Анарбек уулу: бир нече ирет жалбырак өрттөгөндөргө 20 миң сом айып салынат

Жалбырак өрттөгөндөрдү көрүп калсаңыздар (0312) 68-02-78 номуруна байланышыңыздар. Бул тууралуу Медетбек Анарбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бир жылда бир нече ирет жалбырак өрттөгөндөргө 20 миң сом айып салынат.

"Ушул тапта жарандарга жалбырак өрттөөгө айып пул салынары жана анын ден соолукка тийгизген зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иштери ЖМКлар аркылуу жүрүүдө. Жашоочулар кошунасы же башкалардын жалбырак өрттөп жатканын көрүп калса (0312) 68-02-78 номуруна чалып коюуга чакырабыз. Аларга инспекторлор тарабынан чара көрүлүп, жеке тараптарга 2000 сом, юридикалык тараптарга 10 миң сом, эгер бир жылдын ичинде мындай учур кайталана турган болсо 20 миң сом айып салынат", — деди улук инспектор.

Ал жер үйдө жашаган шаар тургундары короосундагы жалбырактарды чогултуп койсо, таштанды ташыган унаалар келип алып кетерин кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жалбырак өрттөөнүн кооптуулугу боюнча инфографика даярдаган

Жаңылыктар түрмөгү
0