Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ашырбаев: көмүр казууда техникалар жетишпейт

© Sputnik / Асель Акматалиева"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев. Архив
Кыргыз көмүр мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев заманбап техника кен казууда, анын үстүндөгү жер кыртышын алууда ишти бир топ жеңилдетээрин айтты.
Ашырбаев: көмүр казууда техникалар жетишпейт

Көмүр казууда техникалар жетишпегендиктен, электрондук, тагыраагы электр энергия менен иштеген түрлөрүн  колдонууга аракет кылып жатабыз. Бул тууралуу Канатбек Ашырбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда электр энергиясы арзан болгондуктан, мындай аракет ишке ашса, ыңгайлуулук жаралмак.

"Ушул тапта көмүр казып алууда техникалар жетишпей келет. "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы былтыр декабрь айында 15 миллион сомго көмүр кенинде иштетүү үчүн HOWO үлгүсүндөгү төрт самосвал сатып алган эле.  Андан кийин да көмүр ташуучу төрт унаалуу болгонбуз. Жаңы техника кен казууда, анын үстүндөгү жер кыртышын алууда ишти бир топ жеңилдетет. Бул боюнча Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондусуна да кайрылып, азыркы кезде иш-аракеттер жүрүүдө. Мындан сырткары, кара алтын казуудагы техникаларды электрондук түргө өткөрүүнү көздөп жатабыз. Бизде күйүүчү май кымбат, ал эми электр энергиясы арзан болгондуктан, бул аракетибиз ишке ашса, бир топ жеңилдик жаралмак", — деди Ашырбаев.

Ал соңку 8 айда 247 миң тонна көмүр экспорттолгонун кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кара алтындын баасына саресеп салган материал даярдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0