Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бокоев: президент жана депутаттыкка талапкерлер соттолбогон болушу керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев. Архив
Республика — Ата-Журт фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоолор жөнүндо мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарында сезилээрлик эч кандай маселени көтөрүп чыкпагандыгын айтты.
Бокоев: президент жана депутаттыкка талапкерлер соттолбогон болушу керек

Президент жана депутаттыкка талапкерлер өзгөчө оор жана оор кылмыштар боюнча сот жообуна тартылбаган болушу керек. Мындай пикирин Кенжебек Бокоев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурдагы мыйзам боюнча соттолгон жарандар мамлекеттик катардагы кызматтарга бара албайт, бирок президенттикке жана депутаттыкка талапкерлигин коюуга укуктуу.

"Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоолор жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштап жатат. Тилекке каршы, анда кардиналдуу өзгөрүүлөр көрүнбөйт. Эл азыр бизден эмнени күтүп жатса, биз ошону беришибиз керек. БШК жөн эле майда-чүйдөнү сунуштап калкты алаксытуу менен алек. Мисалы, азыркы мыйзам боюнча соттолгон жарандар депутаттыкка жана президенттикке талапкерлигин коюуга укуктуу. Сот жообуна тартылган жарандар мындай укуктан ажыратылышы зарыл. Жөнөкөй эле мисал, алар катардагы мамлекеттик кызматтарга келе алышпайт да. Анда эмнеге президент же депутат болушуна жол беришибиз керек", — деди Бокоев.

Эл өкүлү жергиликтүү кеңештин депутаттарын жана шаар мэрлерин түз шайлоо керектигин, бул боюнча өзү сунуштаган мыйзам долбоору 2-окууда токтоп турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0