Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турсуналиева: автордук укукту бузгандар эркинен ажыратылышы мүмкүн

© Sputnik / Айтурган СатиеваӨкмөткө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мемлекеттик кызматынын автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын башчысы Ырыс Турсуналиева
Өкмөткө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мемлекеттик кызматынын автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын башчысы Ырыс Турсуналиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөткө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мемлекеттик кызматынын автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын башчысы Ырыс Турсуналиева эми авторлор өзүнүн жеке чагармасына толук ээлик кыларын, ал үчүн Кыргызпатентке келип катталып, ошонун негизинде күбөлүк ала аларын айтты.
Турсуналиева: автордук укукту бузгандар эркинен ажыратылышы мүмкүн

Автордук укукту бузгандар эркинен ажыратылышы мүмкүн. Мындай пикирин Ырыс Турсуналиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда ырларды плагиаттык же каракчылык жол менен уурдап которуп алуу өрчүп кеткен.

"Атайын жарандык кодексте нормалар, андан сырткары, автордук жана чектеш укуктар мыйзамы бар. Ошонун негизинде чыгарманын аткаруучулары Кыргызпатент менен келишим түзүшү керек. Эгер чыгарма көчүрүлгөн болуп, анын автору сотко берсе, аткарган кишиге жаза каралат. Мисалы 2000ден 20 000 сомго чейин айып пул салынып, ал тургай үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн", — деди Турсуналиева.

Ал учурда Кыргызпатент менен келишим түзүп музыкалык чыгармаларды колдонуп жаткан радио жана телевидениелердин саны 15тен ашып калгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0