Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бекматов: шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель председателя ЦИК Абдыжапар Бекматов
Заместитель председателя ЦИК Абдыжапар Бекматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов президенттин тапшырмасы менен 2018-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын шайлоолор жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясы иштелип чыгып, учурда коомчулуктун талкуусуна коюлганын айтты.
Бекматов: шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда

Шайлоолор жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда. Ал үчүн өлкө башчысынын тапшырмасы менен атайын жумушчу топ түзүлгөн. Бул тууралуу Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сунушталып жаткан өзгөрүүлөргө ылайык кош жарандуулугу аныкталган депутат мандатынан гана ажыратылбастан, жазага да тартылат.

"Президенттин тапшырмасы менен атайын жумушчу топ түзүлгөн. Анын курамында президенттин аппаратынан, өкмөттөн, эл өкүлдөрүнөн, БШКдан өкүлдөр жана көз карандысыз серепчилер бар. Топ иштеп чыккан өзгөрүүлөрдө депутаттын кош жарандуулугу аныкталган учурда жаза процессин күчөтүү, шайлоочулардын өздүк маалыматтары боюнча тизмеден ката кеткенде ага жооп бере турган адистердин милдеттерин арттыруу жана ошондой эле техникалык базаны чыңдоо каралууда. Долбоор учурда коомчулуктун талкуусуна коюлду", — деди Бекматов.

Ал мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр боюнча сунуштар Жогорку Кеңештин жана Борбордук шайлоо комиссиясынын сайттарына жайгаштырылганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0