Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Арзымов: Бишкек мэриясынын кирешеси жыл сайын 500 млн.сомго жогорулап жатат

© Sputnik / Асель АкматалиеваГлавный специалист отдела экономики и финансов аппарата мэрии Бишкека Рустам Арзымов
Главный специалист отдела экономики и финансов аппарата мэрии Бишкека Рустам Арзымов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башкы адиси Рустам Арзымов 2017-жылы мамлекеттин жалпы бюджети 144 миллиард сомду түзгөнүн айтты.
Арзымов: Бишкек мэриясынын кирешеси жыл сайын 500 млн.сомго жогорулап жатат

Өткөн жылы мамлекеттик бюджеттин 40 пайызы Бишкектен чогулду. Бул тууралуу Рустам Арзымов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын кирешесинин 90 пайызы салыктан келип түшөт.

"2017-жылды карай турган болсок, мамлекеттин бюджети 144 миллиард сомду түзгөн. Анын 58 миллиарды Бишкектен чогулду. Ал эми Бишкек шаарынын кирешесине токтоло турган болсом, 2015-жылы 7 миллиард сом, 2016-жылы 7 миллиард 461 миллион сом, 2017-жылы 8 миллиард 667 миллион сом, 2018-жылы ушул кезге чейин 8 миллиард 530 миллион сом топтолду. Жалпылап караганда жылына бизге 500 миллион сомдон кошулуп жатат. Киреше булактарынын 90 пайызы салыктан келет", — деди Арзымов.

Ал кирешенин калган 10 пайызы кыймылсыз эмес мүлктөрдү ижарага берүүдөн түшөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0