Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Султанов: эми күбөлөрдүн ордуна видеокамералар иштейт

© Sputnik / Асель АкматалиеваИИМдин өкүлү Шумкарбек Султанов
ИИМдин өкүлү Шумкарбек Султанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин өкүлү Шумкарбек Султанов кылмыш жазык, жазык процесстик, жоруктар, бузуулар жана жазык-аткаруу кодекстерине өзгөртүүлөр киргизилгендигин айтты.
Султанов: эми күбөлөрдүн ордуна видеокамералар иштейт

Эми тергөө амалдарында күбөлөрдүн ордуна видеокамералар иштейт. Күбө институту толугу менен жоюлат. Бул тууралуу Шумкарбек Султанов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, киргизилген өзгөрүүлөр 2019-жылдын 1-январынан тартып иштей баштайт.

"Күбө инситуту буга чейин кылмышкерди кармаган учурда же кылмыш иши болгон жерди текшерүүдө колдонулуп келген. 2019-жылдын 1-январынан тартып жазык процесстик кодексине киргизилген өзгөрүүлөрдүн негизинде аталган институт жоюлат. Анын ордуна видео, аудио жаздыруучу каражаттар колдонулат. Анткени тергөө амалдарына көпчүлүк учурда күбөлөр катышуудан баш тартып же макул болгон учурда да келбей коюшат", — деди Султанов.

Ал видео, аудио жаздыруучу техникаларын сатып алуу үчүн каражат жетиштүү экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0