Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өмүркулов: 10 жыл мурдагыга салыштырмалуу жолдор сапаттуу жасалууда

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жолдун сапаты аны жасоо технологиясына көз каранды экенин айтты.
Өмүркулов: 10 жыл мурдагыга салыштырмалуу жолдор сапаттуу жасалууда

10 жыл мурдагыга салыштырмалуу азыркы жолдор сапаттуу салынууда. Жолдун сапаты колдонулган материалдардын арзан, кымбатынан эмес, аларды колдонуу технологиясынан көбүрөөк көз каранды. Мындай пикирин Иса Өмүркулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда жасалып жаткан жолдордун сапаты мурдагыдан бир топ жакшырды. Буга жол куруучу фирмалар заманбап, жаңы техникаларды колдонуп жатканы себеп. Айрым жерлерде талапка жооп бербеген жол тилкелери чыгып калат, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.

"Мындан 10 жыл мурдагыга салыштырмалуу жолдордун сапаты жакшырды. Асфальтты бышырып жатканда күйгүзүп жибербей таш, кум, тузду тиешелүү өлчөмдө кошуп, жетишээрлик температурада аралаштырып жасоо керек. Бир нерсеси эле көп же аз кошулуп калса сапаты бузулат. Бул негизинен техникага байланыштуу. Бирок учурда мүчүлүштүк эмнеден жаралганын текшербей эле, дароо иш козгоо адатка айланды. Учурда мындан 10 жыл мурдагыга караганда, азыр жолдордун сапаты бир топ жогору жасалууда", — деди Өмүркулов.

Ал эреже боюнча жолдун калыңдыгы 11 сантиметр болуусу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0