Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ишенапысова: таблетка аркылуу эмдөө азырынча мүмкүн эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова
Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова кызылча оорусун эмдөө жолу менен гана алдын алса болорун айтты.
Ишенапысова: таблетка аркылуу эмдөө азырынча мүмкүн эмес

Ийнеден корккон жаш балдарды таблетка аркылуу эмдөө азырынча мүмкүн эмес. Бул туурасында Гүлбара Ишенапысова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Ал белгилегендей, ата-энелердин көбү балдары ийнеден коркорун айтышат.

"Таблетка аркылуу кызылча оорусуна каршы эмдөө азырынча мүмкүн эмес. Бул нерсеге бир гана Кыргызстан эмес, башка да өнүккөн өлкөлөр жете элек. Балдар үчүн атайын ичке ийнелер колдонулуп келет. Мындай эмдөө жаш балдар үчүн жеңил эле болот. Тилекке каршы, айрым жарандарыбыз диний түшүнүктөрдөн улам эмдөөдөн баш тартып коюшат", — деди Ишенапысова.

Ал кызылча оорусу күз-кыш айларында күчөшү мүмкүн экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0