Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сагындык уулу: быйыл Бишкекте 1800дөй мыйзамсыз курулуш жок кылынды

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник Управления землепользования и строительства мэрии Бишкека Азамат Сагындык уулу
Начальник Управления землепользования и строительства мэрии Бишкека Азамат Сагындык уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Азамат Сагындык уулу мыйзамсыз курулуштар шаардын көркүн эле бузбастан, экономикасына да терс таасирин тийгизерин айтты.
Сагындык уулу: быйыл Бишкекте 1800дөй мыйзамсыз курулуш жок кылынды

Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча Бишкекте 1800дөй мыйзамсыз курулуш жок кылынды. Былтыр алардын саны 4000дин тегерегинде болчу. Бул тууралуу Азамат Сагындык уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун  эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү үчүн ыкчам штаб түзүлгөн. Ага Экотехинспекция, шаар мэриясы жана "Бишкекархитектура" ишканасы сыяктуу мекемелер кирген.

"Бишкек шаарында мыйзамсыз курулуштардын көптүгү өзгөчө жаңы жолдор салынып баштаган учурда билинип калды. Башкы планга дал келбей, көркүн бузган курулуштардын 4000и былтыр түрттүрүлүп же эскертүү берилип ээлери тарабынан алынган. Быйыл тогуз айда 1800 мыйзамсыз курулуш жок кылынды. Алардын арасында кичинекей күркө же тосмодон тартып, чоң-чоң үйлөргө чейин бар. Бул маселе былтыр өзгөчө курч тургандыктан, атайын штаб түзүлүп, ага тиешелүү мамлекеттик мекемелерден адистер кирген. Аталган штаб бул маселе толук чечилмейин өз ишин уланта бермекчи", — деди Сагындык уулу.

Ал ошондой эле шаарда жерди ижарага алып иштеткендер акысын убагында төлөбөй жаткандыгын жана жакында бул багытта да олуттуу иштер жасаларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0