Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жусупбекова: кыйналсак да өз авторлорубузду чыгарышыбыз керек

© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова. Архив
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова окуу китептерин түзүүдө авторлор ачык конкурстан өтөрүн айтты.
Жусупбекова: кыйналсак да өз авторлорубузду чыгарышыбыз керек

Кыйналсак да өз авторлорубузду чыгарышыбыз керек. Өмүр бою эле чет элдик авторлордун китептери менен балдарды окута бере албайбыз. Учурда бул боюнча аракеттер башталды, ошону менен катар чет элдик авторлордон да баш тартылган жок. Бул тууралуу Надира Жусупбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып белгиледи.

Анын айтымында, учурда кыргыз тили, орус тили, англис тили боюнча чыгарылып жаткан окуу китептери мааниси жагынан абдан сапаттуу экенин эксперттер билдирген.

"Окуу китептеринин жетишсиздиги республика аймагы боюнча бардык мектептерде бар. Бул убактылуу көйгөй десек болот. Ооба, биз учурда китептердин жетишсиздигинен, алардын айрымдарынын сапатсыздыгынан кыйналып жатабыз, бирок туура жолдобуз. Кыйналсак да өз авторлорубузду чыгарышыбыз керек. Өмүр бою эле чет элдик авторлордун китебиз окутуп жүрө бере албайбыз да. Ошентсе да чет элдик авторлордун китептеринен таптакыр эле баш тартып койгон жокпуз. Ылайыктууларын алып, кошуп окутуп жатабыз. Ал эми кыргызстандык авторлордун учурда тил багытында чыгарылып жаткан окуу китептери жогорку сапатта чыгарылууда. Ал эми математика, география жаатында бир аз кемчиликтер бар, бул убакыттын иши деп ойлойм. Акырындап отуруп бул тармактарда да авторлор бышып, жетилет"— деди Жусупбекова. 

Ал окуу китептеринин авторлорун министрлик эмес, алардын эмгектери аты-жөнү жазылбай, ачык конкурска коюу жолу менен тандаларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0