Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Баатырбеков: өкмөттүн курамы өзгөрүлүшү күтүлүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Алмазбек Баатырбеков
Депутат Алмазбек Баатырбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков туризм департаментинин статусун көтөрүү маселелси каралып жаткандыгын айтты.
Баатырбеков: өкмөттүн курамы өзгөрүлүшү күтүлүүдө

Өкмөттүн курамынын өзгөрүлүшү күтүлүүдө. Бул багыттагы документти учурда өкмөт даярдап жатат, премьер-министрдин билдирүүсүндө жыл аягында Жогорку Кеңешке сунушталат. Бул тууралуу Алмазбек Баатырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде https://sputnik.kg/Radio/ маек куруп жатып белгиледи.

Анын айтымында, туризмдин өнүгүүсүнө көңүл бөлүү максатында департаменттин статусун агенттик же комитет кылып өзгөртүү жана бөлүнө турчу акчанын көлөмүн көбөйтүү каралып жатат.

"Премьер-министр, фракция лидерлери менен болгон кеңешмелерден соң алган маалыматым боюнча коргоо министрлигинин киргизилиши сунушталууда. Энергетика тармагына да министрлик статусун берүү каралып жатат. Бул өлкө үчүн маанилүү тармактардын бири жана учурда көйгөйлөрү көп. Туризм департаментин да комитет же агенттик кылып өзгөртүп, көбүрөөк каражат бөлүп, өнүгүүгө шарт түзүү маселелери айтылууда. Ошондой эле Айыл-чарба министрлигинин статусу да орчундуу маселе болуп турат. Азыр өкмөт ушул багытта иштеп жатат", — деди Баатырбеков.

Ал белгилегендей, мыйзам долбоор жыл аягында Жогорку Кеңешке келип түшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0